Бүгүн, 2-февраль саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

Молдокматов сот залынан чыккандан кийин журналисттерге кыскача маалымат берип, колдогондордун баарына ыраазычылык билдирген.

«Кайрат-күч менен элиме кызмат кылам. Эч качан позициямдан тайган эмесмин. Сөзсүз эл менен кезигебиз», — деди Молдокматов.

2020-жылдын октябрында болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Эске салсак, Молдокматов 2020-жылдын май айында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда массалык башаламандык уюштурган деп шектелген болчу.