Бишкекте Монголиядан келген “Чек арасыз кызмат” гуманитардык медициналык уюмунун командасы иштеп жатат. Алар өз өлкөсүндөгү белгилуу балдар кардиохирургу Бундан Болдсайхан башчылык кылган кардиологдор.

Монголиялык кардиохирургдар Бишкектеги академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барып, жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте операция жасашты.

Гуманитардык миссиясы бар дарыгерлер буга чейин бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Тува Республикасына (РФ), Кыргызстан, Непалда болушту. Алдыда Мьянмага барууну пландап жатышат.

Монгол дарыгерлери тажрыйба алмашып, балдардын арасында жүрөктү хирургиялык дарылоонун алдыңкы аз инвазивдик ыкмаларын жайылтышууда.