Коом

Ишкер Курсанбек Каныбеков Бишкекте акысыз көмүр таратууда

Буга чейин бир топ  кайрымдуулук иштери менен таанылып калган Курсанбек Каныбеков  элге жардам берүүнү улантууда. Бул тууралуу редакциябызга уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы жардамга муктаж, колунда жок 400дөн ашуун үй бүлөгө акысыз көмүр таратылат.

«Жалгыз бой энелерге жана кары адамдарга көмүрдү үймө-үй жеткирип берүү жагы да колго алынган. Көмүр каптарга салынып даярдалып, чыныгы муктаждарды күтүүдө.

Эгерде сиз көмүргө муктаж болсоңуз, анда ыйык Жума намаздан кийин, же саат 15.00дөн өтүп Кара-Кече көмүрүн дүңүнөн саткан жердеги, же Мурманск 1/А дарегине келе берсеңиз болот. Бул даректен Сиздерди Курсанбек Каныбековдун жардамчы балдары тосуп алып, узатышат.

Байланыш үчүн телефон: 0559 910091», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button