Кылмыш-кырсык

Он эки жыл мурун Малайзиядагы аэропорттон кармалган кыргызстандык кыз кайтып келди

Индонезиянын Бандунг шаарындагы аэропорттон 2010-жылы Кыргызстандын жараны Ж.С. (аял киши) кармалган. Андан пайдаланууга тыюу салынган зат табылганы жарыяланган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ошол учурда Индонезиянын Жогорку соту кыргызстандык жаранды 12 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги билдирген маалымат боюнча, 12 жылга эркинен ажыратылган айыпкерди сот 2019-жылы 2022-жылдын 22-январына чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон.

Шарттуу мөөнөт аяктагандан кийин элчилик документ иштерине жардам берип, Ж.С. 2-февралда Бишкек шаарына келди. Сөз Бишкек шаардык гуманитардык университетинин кытай тили бөлүмүнүн студенти С.Жибек тууралуу болуп жатат.

Ал 21 жашында — 2010-жылдын 18- ноябрында аэропорттон кармалган Жибектин айтымында, Бен аттуу таанышы (Африканын жараны) Индонезияга анын жүгүн ала кетүүнү суранган. Ал кызматы үчүн 2 миң доллар төлөп бермек. Ал эми Жибек чемодандын ичинде эмне бар экенин билген эмес.

Бен кыргызстандык С.Семендун ишине катышы болгон. Семен 2010-жылдын майында Пекинден кармалып, андан китепке жашырылган 2,5 кг героин табылган болчу. Анын айтымында, Бен баңгизатын жеткирүү кызматы үчүн 500 доллар сунуштаган. Семен Кытай соту тарабынан өлүм жазасына кесилип, бирок кийинчерээк өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button