«Смартфондордун аткезчилигинен Кыргызстандын бюджети жылына 5 миллиард сомго чейин жоготууда», — деп билдирди бүгүн, 7-февралда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанга 1 миллион 800 миң телефон алынып келинген. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, бул аралыкта өлкөгө 3 миллион 900 миң смартфон импорттолгон.

«Расмий сандардагы айырма абдан чоң. Республикалык бюджетке келтирилген зыяндын баарын эсептесек, 1 млрд сомго жакын. Башка төлөмдөрдү кошпогондо 5 млрд сомго чейин жетиши мүмкүн. Мамлекетке бул акча өтө керек, аны пенсия, айлык акы катары төлөсө болмок. Тилекке каршы, алар абийирсиз импортчулардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Мамлекеттик органдарда коррупция бар, масштабы чоң», — дейт Баканов.

Эксперт IMEI-код системасы киргизилген учурда өлкөнүн рыногуна «Apple», «Samsung» же «Xiaomi» өңдүү компаниялардын расмий өкүлдөрү келерин түшүндүрдү.

«Албетте, мыйзамсыз алынып келген телефондордун көбү арзаныраак. Мындан улам расмий өкүлдөрдүн рынокко кирүүсү пайдасыз. Ошондуктан бизде тейлөө боюнча расмий тейлөө борборлору жок. Расмий өкүлдөр жок болсо, биз жаңы буюмду эртерээк алуу, ошондой эле телефонду пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен алуу, эски смартфонду жаңысына алмаштырып, үстүнө кошумча төлөм алуу жана башка көптөгөн кепилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатабыз», — деди ал.

Айбек Баканов ошондой эле IMEI-коддорду каттоонун аркасында республикадагы көптөгөн кылмыштардын алдын алууга болот деп эсептейт. Анын айтымында, укук коргоо органдары бүгүнкү күндө телефон уурдоо фактылары боюнча иликтөө иштерин алгылыктуу жүргүзө албай жатышат.

«Көп сандагы кылмыштар телефондор менен байланышкан: «шантаж», алдамчылык, адамдарды уурдоо жана телефон терроризми. Экономикалык актуалдуулугу бар — бул биздин рыноктун ачык эместиги», — дейт Баканов.

Импорттолгон смартфондордун IMEI-коддорун каттоо үчүн төлөм 700 сомду түзөт, бирок бул смартфондордун баасына эч кандай таасир этпейт, деп кошумчалады ал.

«Бул акча импорттоочунун мойнунда, ал бажы төлөмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөйт. Көпчүлүк бул жөнөкөй сатып алуучулардын мойнуна түшөрүн айтып жатышат. Жок, андай болбойт. Себеби телефондорду өлкөгө алып келүү татаал процесс. Мисалы, «Samsung» Казакстандагы кампадан телефон жөнөтөт дейли. Ал жерде компания жарнак жана транспорт үчүн акчаны кошот. «Айфон» тууралуу айта турган болсок, анда алар азыркыдан да арзан болушу мүмкүн. Телефондорду импорттоодо импортер бардык IMEI-коддорун каттайт. Аларды өз убагында маалымат базасына өткөрүп, анан жыйымдарды жана алымдарды (пошлина) төлөйт. Өлкөдө бар болгон бардык телефондор бекер катталат. Элдин 99 пайызы бул тууралуу билбей деле калат, анткени катоо үчүн паспорттун маалыматтарын көрсөтүү талап кылынбайт», — дейт Айбек Баканов.

 

Булак: Баракелде