Коом

Москванын «Внуково» аэропортунда Кыргыз жараны жаш баланы өлүмдөн сактап калды

Москвадагы «Внуково» аэропортунда Кыргыз жараны тамагына оюнчуктун бөлүгү тыгылып калган баланы өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу блогер Фатих Копаран өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган аэропортто жаш баланын тамагына оюнчуктун бөлүкчөсү тыгылып, аны Кыргыз жараны Геймлих маневрин (курсакка басым) аткаруу менен куткарып калган. «Мен аябай алыста болчумун. Кыйкырык ушунчалык катуу болгондуктан аэропортто террордун кол салуусу болду го деп ойлодум. Баланы апасы ызы-чууга алдырып жулкулдатып жатты. Кыргыз жигит чуркап келип Геймлих маневрин жасап, баланы куткарып калды. Бул менин жашоомдогу тарткан эң сонун сүрөт боло алат. Мен өмүрүмдө мынчалык корккон эмесмин. Тилдерин түшүнбөгөндүктөн жадакалса ал жерде эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Эгер кыргыз жигит болбогондо бала өлүп калмак», — дейт Фатих Копаран.

Блогер  баланы сактап калган жигитти сүрөткө тарта албай калгандыгын жана окуя болгон жерге кийинчерээк аэропорттун медицина кызматкерлери келишкенин кошумчалады.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button