Бишкекте 1-класстын окуучулары 14-февралдан тарта каникулга чыгышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, эс алуу бир жумага созулуп, 21-февралдан тарта балдар сабакка кайтышат.

Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына 3-чейректе бир жумалык кошумча эс алуу салттуу түрдө берилет. Адатта, алардын мөөнөтү жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан белгиленет. Өлкөнүн айрым аймактарында бүгүн, 7-февралда 1-класстын окуучулары каникулга чыгышты.

Бардык мектеп окуучулары үчүн жазгы каникул 2022-жылдын 21-30-мартына белгиленген.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети окуу жылынын шарттарын өзгөртүү чечимин кабыл алган. Эми Кыргызстанда окуу жылынын башталышы туруктуу негизде 15-сентябрга жылдырылды. Ага ылайык, мектептерде акыркы коңгуроо салт боюнча 25-майда кагылбайт, 9-июнга белгиленген.