Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасына жаңы башкы дарыгер дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Кечээ, 8-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын эмгек жамаатына Түркия тараптан дайындалган жаңы башкы дарыгер, профессор, медицина илимдеринин доктору Мете Хидыроглуну тааныштырды.

Бейшеналиев аталган оорукананын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасы үчүн кадрларды даярдоодо чоң мааниси бар экенин белгиледи. Бул ооруканада практикадан өткөн жергиликтүү медицина кызматкерлери жетиштүү тажрыйбага ээ болгондон кийин, Кыргыз Республикасынын башка саламаттыкты сактоо уюмдарына которулат.

Ошондой эле ушул жылы 1-февралдагы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп Масалиев Осмонали Саттарович дайындалган.

2018-жылдын 1-сентябрында ратификацияланган өкмөттөр аралык келишимдин шарттарына ылайык, Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын башкы дарыгери Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындалат. Ал эми анын орун басары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындалат.