Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин буюрмасына ылайык ички иштер министринин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Суюнбек Ниязбеков дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков ИИМдин өздүк курамына Суюнбек Ниязбековду тааныштырып, аны ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары-ошол эле убакта ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгандыгын белгилөө менен бирге ички иштер органдарынын санариптештирүү жана маалыматташтыруу маселелерин көзөмөлдөйт деп айтты.

“Санариптештирүү маселелери укук коргоо тутумунун ишин өркүндөтүү үчүн маанилүү. Санариптештирүү- бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан ИИМдин масштабдуу реформасынын стратегиялык багыты. Мындан ары дагы санариптештирүүнү толук алып кетесиздер деп ишенебиз. Бул чоң жоопкерчилик”, -деди Адилет Жанузаков.

Андан соң, Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, дайындоонун багытын жана максатын кыскача түшүндүрүп кетти. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Президентибиздин санариптик өнүгүү, заманбап чакырыктарга туруштук берүү, коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо багыттарын камтыган Жарлыктарынын негизинде Министрлер Кабинетинин токтомунун алкагында аталган кызмат орун киргизилди. Анын негизинде министрдин санариптештирүү маселелери боюнча орун басары кызмат ордуна Суюнбек Ниязбеков дайындалды.
Бул кызмат ордунун негизги максаты элдин коопсуздугун ыкчам камсыздоо, сервистик тейлөөнүн жаңы заманбап баскычына өтүү, кылмыштардын бетин ыкчам ачып, сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүү жана элдин кызматында ар дайым болууга шарт түзүү болуп эсептелет. Андан тышкары документтерди электрондук жүгүртүү форматына өтүү. Бул президентибиздин бирден бир талабы. Жардам сурап кайрылган жарандарыбыздын маселесине ыкчам аракеттерди көрүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы ыкмаларды ишке ашыруу негизги милдети болуп саналат. Ошондуктан бул дайындоо учурдун талабына жараша орун алды. Ички иштер министрлиги кеңири масштабдуу санариптик долбоорлорду толук кандуу киргизет. Акыркы жылдары өлкөнүн жетекчилиги бардык мамлекеттик органдарда санариптик тутумдарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан, мындай жетекчилердин негизги милдеттеринин бири бул тутумдары текшерүү, ошондой эле ар бир кызмат үчүн алар менен иштөө стратегиясын тандоо болот. Андан сырткары башкы милдеттердин бири процесстерди автоматташтыруу жана бардык кызматтарды электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүү, башкаруу процессине санариптештирүү мамилесин киргизүүнү камтыган ишмердүүлүк толугу менен министрдин орун басарына жүктөлөт деди”,-Улан Ниязбеков.

Суюнбек Ниязбеков ички иштер органдарына маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ. Суюнбек Ниязбеков 1969-жылы Нарын шаарында туулган. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү 2001-жылы баштаган. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын Комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген. Ички иштер органдарынын катарында кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн “Данк” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Азыркы учурда санариптештирүү өзгөчө маанилүү багыт болгондуктан мамлекетибиздеги министрликтердин бардыгында буга чейин министрдин санариптештирүү боюнча орун басарлары киргизилгендигин маалымдайбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы