Кечээ, 9-февралда Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул ГЭСинде болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Токтогул ГЭСинин абалын жеринен көрдү жана текшерүү жүргүздү.

Ошондой эле бүгүн министр башка облустардагы энергообъектилерди кыдырып чыгаары айтылат.

«Кыргызстандын энергетика системасы министрдин жеке көзөмөлүндө», — деп айтылат билдирүүдө.