Россия декабрда Баткен районундагы чек ара жаңжалында жабыркаган объектилерди калыбына келтирүүгө 1,5 миллион доллар которду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат конференциясына катышты. Иш-чара Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган.

Анын айтымында, Россия Кыргызстанга каржылык жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнү улантууда.

«Баткен районундагы чек ара чырында жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү үчүн былтыр декабрь айында 1,5 миллион доллар которулган. ӨКМге жаратылыш кырсыктарына жана башка өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүүсү үчүн чоң жардам берилери күтүлүп жатат», —деди Удовиченко.

Элчи Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жатканын да эске салды.

«Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россиянын каржылоосунун эсебинен Кыргызстан былтыркы жылы 4 500 тонна ун жана 380 тонна күн карама майын алган. Бул азыктар эки багыт боюнча бөлүштүрүлөт. Биринчиси — мектептерде ысык тамак уюштуруу. Экинчи багыты — иштеп бергендерге тамак-аш берүү. Бул материалдык кыйынчылыктарга кабылгандарга көмөкчү болот», — деди Удовиченко.

Өткөн жылы Россия Дүйнөлүк азык-түлүк программасына кошкон салымын 2 миллион долларга көбөйткөн. Жалпысынан 2018-2022-жылдары 22 миллион доллар бөлүнгөн.