Кылмыш-кырсык

Араван районунда экстремисттик уюмдун 2 тобу кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Араван райондук Ички иштер бөлүмүнүн Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматтарынын кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн диний экстремизмге каршы ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 2022-жылдын январь айынын аягында Ош облусунун Араван районунун аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын 2 тобун кармашкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында үгүттөө, пропагандалоо, жайылтуу жана үгүт насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган «Йакын Инкар» диний экстремисттик кыймылынын идеологияларын жайылтуу максатында, бул диний экстремисттик кыймылынын катарына жаңы кошулушкан жана мындай иш боюнча мурда соттолуп жазасын алган Араван районунун тургундары тарабынан райондун аймагынада үгүт насаат иштерин жүргүзүп жүрүшкөн, аталган экстремисттик кыймылынын уюшулган топтун курамында болгон тургундары аныкталып кармалышкан.

Алар, Араван районунун тургундары, 53 жаштагы Т.М., 20 жаштагы А. Ж., 44 жаштагы Ж. Ш., 38 жаштагы Х. А., булардан сырткары «Йакын-Инкар» диний экстремисттик уюмуна жаңы мүчөлөрдү Араван районунун аймагынан кошуу максатын көздөп, Баткен облусунун Кадамжай жана Ош облусунун Ноокат райондорунан келишкен экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү Араван районунун аймагында жашыруун түрдө үгүт насаат жана пропагандалоо аракеттерин жүргүзүп жүргөн 40 жаштагы Г. Ш., 39 жаштагы Н.М, 31 жаштагы Я. Х., 21 жаштагы Ш. А., жарандар кармалышкан.

Топтолгон материалдар тергөө кызматына берилип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүнө каршы келген, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө, пропагандалоого, тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылдын иштерине катышуу менен бирге ишин жүргүзүшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 331-бер. 5-бөл. каралган кылмыштын белгилери менен 4 факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 факты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аягына чыгып соттук кароого жиберилген.

Азыркы учурда, Ош облусунун аймагында диний экстремизм, терроризм жана улут аралык чыр чатактардын алдын алуу жана алардын мыйзамга каршы аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш чаралары улантылууда.
Андан башка, жогоруда аталгандай диний экстремисттик уюмдардын жашыруун (спящий ячейка) түрдө иш жүргүзүп жүрүшкөн экстремисттик уюмдардын орун алган жайларын, каржылоо булактарын, лидерлерин тактап, аларга бөгөт коюуга багытталган тийиштүү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүү жагы күчөтүлгөн.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button