Маданият

Бишкекте заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турнири өтөт

 Кыргызстандык профессионал бийчи Жан Воинов Бишкекте заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турун өткөрүү боюнча эксклюзивдүү келишимге кол койду. Бул тууралуу блогер Майкл Бекмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн эң күчтүү бийчилерин аныктап, алар Парижде өтүүчү дүйнөлүк бий турнирине жолдомо алат.

«Бул өлкөбүздүн бий маданиятын өнүктүрүүдөгү чоң кадам. Кыргызстан АКШ, Канада жана Германия менен бирге Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугу үчүн ат салышкан дүйнөнүн эң күчтүү бийчилери чогулган жерге айланат. Бул кабарга абдан кубанычтамын. Бул иш-чара Кыргызстандын туристтик имиджине да оң таасирин тийгизип, келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”,-дейт бийчи Жан Воинов.

Анын айтымында, бий боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турлары 2022-жылы жайында Бишкекте өтүп, ага Орусия, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүнүн эң күчтүү бийчилери чогулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button