Бийликтин коом алдындагы жоопкерчиликтүү мамилеси бул- мыйзамдарды так аткарышы. Өзгөчө конституциялык мыйзамдар. 2021-жылы кабыл алынган Конституциянын 7-беренесинде

1. Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.

Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

2. Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат

деп, жазылып турат. Тилекке каршы, бул берене боюнча али күнчө бир сөз жок. (Элдик Курултай боюнча 2008-2009-жылдары маселе көтөрүлүп келген. Ал кездеги демилгенин башында турган Кадыр Кошалиев, Чолпонбек Абыкеев, Абдрахман Алымбаевдер көп аракеттерди жасашты. Айрым жерлерде көптөгөн талкуу болуп турду. Жогорудагы демилгечилер менен расмий да расмий эмес да талаш тартыштар болду. Мен негизинен КРнын Жогорку Кеңеши жалпы элдик шайлоо менен шайланып келип жаткандан кийин Курултай институтту ашыкча орган деген принципти карманып келем. Бирок, жалпы элдик референдумда кабыл алынгандан кийин мыйзамды сыйлоого милдеттүүбүз деп ойлойм.)

Бүгүгүнкү күнү жалпы элдик добуш берүү менен шайланып келген Жогорку Кеңештин абалын, жалпы картинасын байкадык. Азыркы Жогорку Кеңеш учурда улуттук, мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрө элек. Болгону “айылда суу жок, жол жок, ФАП талкаланды, көпүрө бузулду, мектеп салалы” дешип, жергиликтүү жана борбордук аткаруу бийлигинин вазипасына аралашып кетишти. Мындай шартта бийлик жалпы элдик катмарды бириктире турган, консолидациялачу институтка таянып, жалпы мамлекеттик маселелерди, биримдикти иштеп чыгуучу конституциялык органга басым жасашы керек. Менимче бул орган азыркы мыйзам боюнча моралдык жактан Элдик Курултай институту. Биз мыйзамды сыйлаган өлкөгө айлангыбыз келсе анда ар бир берене иштетши зарыл. Өзгөчө конституциялык мыйзамдар…

 

Булак: Ракурс кж