Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда ага журналистер тарабынан Тимур Файзиев тууралуу суроо берилди.

 «Сот күнөөлүү деп тапса, коомчулукка зыян кылса түрмөдө отурушу керек. Тимур Файзиевди көптөн бери билем. Анын Асман шаарын курууга энергиясы, акыл-эси жетет. 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштады. Асман шаарын курууга келгенде сын-пикирлер эске алынат. 50 жаштан өткөндөн кийин ким болбосун жакшы жактарын ойлой берет экенсиң. 2-3 ай убакыт берип көрөлү», — деди Жапаров.