Коом

Жапаров: «ККМ аркылуу жөнөкөй соодагерлерден эмес, байлардан салык алалы деп жатабыз»

Кассалык көзөмөл аппараттары аркылуу биз байлардан салык чогулталы деп жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

«Мен дайыма эл тарапта болуп келгенмин. Мындан кийин да ошол бойдон калам.

Ал эми ККМ аппараттарга башка мамлекеттер эчак эле өткөн. Биз дагы мурда өтүшүбүз керек. Муну менен биз карапайым соодагерлерди эмес, ири ишкерлерден салык чогултууну көздөп жатабыз. Алар канчалаган миллиондогон товарларды 3 миң сомдук патент менен кутулгусу келип жатат»,- деди Акылбек Жапаров.

Ал ККМ аркылуу көмүскө экономиканы ачыкка чыгарын кошумчалады.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button