Кумтөрдү сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясына жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, холдингдин уставдык капиталы кеминде 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болот, кечээ 282 миллион доллардан турган бюджети бекитилди.

«Кыргызстанда төрөлүп, бирок чет өлкөдө ийгиликтерге жетишкен, компанияларды жетектеп жүргөн 20га чукул жаран ишенип келип жатат. Жакынкы арада бир топ долбоорлорду көрөсүздөр. Анын алкагында 12 кенде геологиялык чалгындоо иштери жүрөт. Мындан ары мамлекеттин кендерин ушул холдинг тейлейт. Таластагы Бала-Чычкан темир кени 6 миллиард, Жетим-Тоо 4 миллиард доллар киреше алып келет. Ушундай чоң-чоң долбоорлорго белсендик», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, ал «Кыргыз индустрия» ишканасын түзүп, ага экономика министринин мурдагы орун басары Жарасул Абдраимов дайындалганын билдирди.