Коом

Троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 40%га көтөрүлөт

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га жогорулайт.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жогорулатылгандан кийин троллейбустун айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

«Бул чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык персоналдардын ишинин көлөмүн жана графигин тыкыр көзөмөлдөп, тыкыр көзөмөлгө алынгандан кийин кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиева кол койду.

Эске салсак, маяна маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин өткөн жылдын аягындагы жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button