Баткен районунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов орто мектебинде балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери айылдагы ата-энелерге, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, уруу-урууга бөлүнүп топтошуп мушташуунун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүп беришти.
Жыйналышка райондун күч органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
2022-жыл башынан бери бул айылда жаш өспүрүмдөр катышкан 1 кылмыш катталып, бети ачылган.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы