Коом
Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 16:11де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылында жана Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.