Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Алмаз Букалаев медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу тартиби менен таанышуу үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборуна (ММБ) барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көп функционалдуу миграциялык борбордун башкы директору С. Балдин менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө элчилик Кыргызстандын жарандарынан узун кезектер боюнча келип түшкөн даттанууларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Консул Көп функционалдуу миграциялык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, башкы директор менен биргеликте Кыргызстандын жарандары үчүн зарыл болгон процедуралардан өтүү этаптары менен толугу менен таанышты.

Жумушчу күндө саат 08.00дөн 20.00гө чейин Көп функционалдуу миграциялык борбордо орто эсеп менен 4-5 миң чет элдик жаран (каттоо, патент, иштөөгө уруксат, жарандык алуу, айып төлөө, даяр документтерди кабыл алуу ж.б.) тейлөөдөн өтөт.

Көп функционалдуу миграциялык борборго жалпысынан КРнын 500гө жакын жараны кайрылат (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу).

Социалдык түйүндөрдө тараган сүрөт чындап эле Көп функционалдуу миграциялык борбордун көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп баратканда, кайрылуучулар топтолуп калган учурда тартылган.

Көп функционалдуу миграциялык борбордун айтымында, ар кандай себептерден улам, бул жагдай кээде кайрылгандардын эбегейсиз көп топтолушу менен шартталат.

Ошону менен бирге, Көп функционалдуу миграциялык борбордун ичинде процедуралардан өтүүнүн так алгоритми иштелип чыккан. Бардык зарыл болгон тейлөөлөрдөн 3 сааттын ичинде өтсө болот, эл көп топтолгон учурда 5-6 саатты талап кылат.

Элчилик медициналык кароодон өтүүгө, манжа изин каттоого жана сүрөткө тартууга байланыштуу төмөнкү жагдайларга көңүл бурууну өтүнөт.

1. Көп функционалдуу миграциялык борбордун расмий сайтында (https://mc.mos.ru/ru) зарыл болгон кызматтарды алуунун тартиби толук берилген, ошондой эле кыргыз тилинде да маалымат жайгашкан.

Москва шаарынын телефон боюнча бирдиктүү маалымат кызматы күнү-түнү иштейт: +7 (495) 777-77-77.

2. Элчилик Көп функционалдуу миграциялык борборго саат 13.30дө барууну сунуштайт. Түштөн кийин кезек бир кыйла кыскарып калат. Ошол эле учурда, бардык зарыл болгон кызматтарды алуу үчүн убакыт орточо эсеп менен 3 саатка жакын экенин эске алуу керек.

3. Ишке орношуу максатында Москвага жана Москва областына келген КРнын жарандары медициналык кароодон Көп функционалдуу миграциялык борбордон гана өтүүсү керек.

4. 30 күндөн ашык мөөнөткө башка максаттарда (окуу, жеке иш-сапар, ишкердик ж.б.) келген Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде 6 жаштан ашкан жашы жете элек балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Москва шаарындагы 13 медициналык мекемеден (Көп функционалдуу миграциялык борбордун сайтында медициналык мекемелердин дареги жазылган) медициналык кароодон өтө алышат.

5. Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин тактоолоруна ылайык, 3 айда бир жолу медициналык кароодон өтүүнүн зарылдыгы жок.

6. Манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бир гана жолу жүргүзүлөт. Россиянын аймагына кайра киргенде, бул процедуралардан кайра өтүүнүн да кереги жок.

7. 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргыз Республикасынын жарандары медициналык текшерүүдөн өтүү милдетинен толук бошотулат. Ошол эле учурда каалоочулар манжа изин каттоодон өтүп, сүрөткө түшө алышат.

2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын кызматкерлери тарабынан медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланган учурда Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча Башкы башкармалыгына, Россиянын прокуратура органдарына же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине арыз менен кайрылуусу зарыл.