Спорт

Пекинде кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи өттү

Кытайдын борборунда 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп  өттү.

Салтанат Пекиндеги «Куш уясы» деп аталган Улуттук стадиондо өттү.

Кичинекей старттык шоудан кийин салтанатта спортчулардын парады башталды.

2022-жылкы оюндар Пекинде 4-20-февраль аралыгында өттү. Жалпысынан cпорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду.

Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунду Норвегия, экинчи орунду Германия жана үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Россия тогузунчу болуп калды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button