Ош – Баткен – Исфана жолун ремонттоого ата мекендик компанияларды тартуу тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош – Баткен – Исфана жолунун (28-75км) реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда айтты.

Аталган объектинин курулушунун донору Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) болуп саналат. Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133.58 млн долларды түзөт, анын 50 млн доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.

Белгилей кетсек, кредиттин калган бөлүгү жумшалуучу долбоорду ишке ашыруунун экинчи компоненти катары Бишкек – Ош жолунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу (таш кулоодон коргоочу курулушту куруу, көчкүдөн сактоочу дубалдарды куруу, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу) болуп саналат.

«Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат. Тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек. Келечекте жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен аттаандашуу үчүн тажрыйба топтоп, заманбап техгологияларды жана аларды пайдаланууну үйрөнүшү керек», – деди Жапаров.