Коом

Акылбек Жапаров: Баткен – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер

Баткен облусу – чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоочу жана шыктандыруучу жер. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде көчмө жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Баткен – саясий, аскердик, экономикалык суверенитетти сезиндирүүчү жер. Ушул жер – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер.

«Мен Баткен облусуна атайын эрте келдим. Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык. Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды. 2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70% чейин көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматты эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды», — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button