Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Бул туурасында Акылбек Жапаров Баткен шаарында өткөн министрлер кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аймакты мындан ары өнүктүрүү, инфраструктураны жана жолдорду жакшыртуу, жарандарды, анын ичинде чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо маселелери талкууланды.

«Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргыз өлкөсү үчүн кызмат кылат – өнүгүүнүн коридорлору болот», — деп белгиледи Жапаров.

Ал кошумчалагандай Баткен облусунун Фергана өрөөнү жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы транзиттик коридор болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

«Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт. Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деген министрлер кабинетинин башчысы.