Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан ЖЭБ-2 аймагында 680ден ашык адамга жерге болгон күбөлөндүрүүчү документ берилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, жерди мыйзамдаштыруу учурда Бишкектин аймагында гана жүрүүдө.

“ЖЭБ-2де 47,7 гектар жер аянтында 900дөн ашык адам үй куруп алган. Министрлер кабинети бул аймакта жашаган тургундар үчүн 47,7 га жерди мыйзамдаштырган. Учурда 680ден ашык адамга жерге болгон күбөлөндүрүүчү документ берилди. Калгандарында тактоо иштери жүрүп жатат. Толук берилген жок. Анткени айрымдары Кыргызстандын жарандары эмес, ажырашып жатканы да бар жана башка себептерден улам каралып жатат”, — дейт ал.

Мырзаев өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбай турганын белгиледи.