АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды киргизгени ведомствонун сайтында 26-февралда жарыяланган.

Чектөөлөргө ошондой эле бир катар орус чиновниктери – Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов кирди.

«АКШнын санкциялары АКШнын юрисдикциясындагы активдерди тоңдурууну, ошондой эле америкалыктар үчүн алар менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салууну камтыйт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуу Британия, Евробиримдик жана Канада Путинге жана башка саясатчыларга каршы санкцияларды киргизген.