Саясат

Кайра шайлоо. Кыргызстанда бүгүн «жымжырттык күнү»

Бүгүн, 26-февраль Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”. Бүгүн эртең менен саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.

Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болгон. Буга байланыштуу добуш берүү өткөн жок деп табылып, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Сверлов жана Биринчи май шайлоо округу боюнча кайра шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-февралына дайындалган.

Кайра шайлоого 53 талапкер – № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button