Коом

Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына нааразы

Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары 27-февралда өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.

Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап жатат.

«Кечээ шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына, серверге эч кандай кинебиз жок. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бирок талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Ага видео далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинен жооп күтүп жатабыз. БШК чечим кабыл алыш керек», — дейт Атазов.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген. Муртазалиев «Азаттыкка» милиция кармаган үгүтчүлөрдү тааныбай турганын, ал атайын уюштурулган чагым болгонун айткан эле.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасынын жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button