Коом

Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары милицияга ыраазычылык билдирди

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери райондун акими, жергиликтүү күч структурасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте эл менен жолугушуп, элдик жыйындарды өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, жер, суу, жайыт маселелери  көтөрүлүп, талкуулар жүрдү. Жогоруда аты аталган аймактарда катталган кылмыштар өз учурунда бети ачылып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери күнү-түнү кайгуулдарда жүрүп жатканын баса белгилешип, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан кызматында маселелер жок экенин билдирип, ыраазычылыктарын айтышты.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button