Санариптештирүү Ички иштер министрлигин реформалоонун маанилүү багыты болуп эсептелет жана санариптик технологияларды киргизүү укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу үчүн чоң мааниге ээ.
Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн ишинде санариптик технологияларды колдонуу менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо көрсөткүчтөрү жогорулоодо. Заманбап мамлекеттик уюмдун санариптик инфраструктурасынын милдеттүү элементи, ошондой эле документ жүгүртүү тутуму болуп саналат. Электрондук чечимдер иштин эң көп убакытты талап кылган жана татаал чөйрөсү болгон тышкы жана ички документтер менен иштөөнү кыйла жөнөкөйлөштүрүүгө жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Ички иштер органдарында иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүү маселеси бүгүнкү күндө талап кылынууда. Президент 2021-жылдын декабрь айында министрлер кабинетинин жыйынында бул маселени көтөргөн. Учурда бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Ички иштер министрлигине 10-январдан тарта иш кагаздарын электрондук форматта жүргүзүү тапшырмасы берилип, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бардык уюмдар электрондук документ жүгүртүү тутумуна толугу менен өткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө электрондук документ жүгүртүү тутуму бар мамлекеттик органдарда, анын ичинде Ички иштер министрлигинде документтер менен иштөө негизинен электрондук түрдө жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн көлөмү акыркы жылдары 3-4 эсеге өскөн, мисалы, 2010-жылы 3,5 тонна кагаз колдонулса, бүгүнкү күндө алар 11 тоннага жакын сарпталган.
Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү маселелери Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда көтөрүлүп, анда биринчи жолу электрондук документ жүгүртүүнүн элементтерин колдонуу менен жыйын өткөрүлүп, бардык катышуучулар планшеттер менен камсыз болушкан.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков учурда ички иштер органдарында ири санариптик долбоорлорду толук ишке ашыруу, анын ичинде бардык кызматтарды жана бөлүмдөрдү электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.
ИИМдин коллегиясында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Ички иштер министрлигинин катчылыгынын начальниги Абдыш Коомбаев баяндама жасады.
Азыркы учурда Ички иштер министрлигинин ишинин эң маанилүү багыты башка мамлекеттик органдар менен бирге электрондук документ жүгүртүү тутумуна өтүүгө активдүү катышуу болуп саналат.
Ички иштер министрлиги документтерди ишке ашырууну, контролдоону, ошондой эле документтерди эсепке алуунун жана сактоонун тартибин аныктаган электрондук документ жүгүртүү тутуму жөнүндө жобону иштеп чыкты. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо чаралары көрүлүүдө.
Ошондой эле, техникалык талаптарга мониторинг жүргүзүлүп, Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнө зарыл болгон кошумча жабдуулар сатылып алынууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы