Эртең, 3-мартта, Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 09:55де башталат.