7-мартта боло турган иш күнү 5-мартка жылбайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Буга чейин 7-мартты 5-мартка жылдыруу каралып жаткандыгы айтылып, беш күндүк график менен иштегендер 6-7-жана 8-мартта катары менен эс алуусу күтүлгөн.
Ал эми, министрлик маалыматка тактоо киргизип, 7-март иш күнү, ал эми 8-март жылдагыдай эс алуу күнү экенин айтты.