2022-жылдын 3-мартында Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында “К” аттуу жаран ири суммадагы жасалма АКШ доллар акчаларын сактап жана сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

 

Бул факты  2022-жылдын 3-март күнү Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү жана Тергөө кызматы  менен биргеликте ошол эле күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда жасалмаланган ири өлчөмдөгү АКШ долларын сатууну көздөгөн Ош облусунун Алай районунун тургуну 36 жаштагы  Н. Т. аттуу жаран  кармалып, анын жанынан шек саналган 50 (элүү) даана 100 АКШ доллар купюралары жана бул кылмышка  шектелген Жалал-Абад областынын тургуну А.Б. аттуу жарандын кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 7 (жети) даана 100 АКШ доллары купюралары табылып алынган.

Текшерүү учурунда окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошону менен бирге, далил буюм катары алынган жалпысы 57 (элүү жети) даана шек саналган АКШ доллар купюраларын сатууга аракет жасаган атуулдардын кыймыл-аракетинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Окуя боюнча кармалган жарандар Н.Т. жана А. Б. кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алышып, көрсөтмөсүн берген.

Кылмышка шектүүлөр  Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жасалма акчаларды кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы