Кытайдан жүк жөнөтүүчүлөр Россия аркылуу Евробиримдикке транзит кылуу иштерин убактылуу токтотушту. Бул маалыматты булактарына шилтеме берүү менен «Ведомости» таратты.

Бул маселе 1-мартта жабык эшик артында миңден ашык логистикалык компания бириккен Кесипкөйлөр кеңеши тарабынан талкууланган. Алар Украинадагы абалга байланыштуу коркунучтар жаралып жатат деп эсептешет.

Басылманын маалыматы боюнча, буга чейин жөнөтүлгөн товарларга байланыштуу кооптуу кырдаал жок. Бирок Кытайдан Евробиримдикке транзит кылуу үчүн жаңы буюртмалар жокко эсе.

Ошол эле учурда, автотранзитте  кыйынчылыктар жаралууда. Европаны көздөй өтүүчү пункттарда Евробиримдиктин бажы органдарынын текшерүүлөрүнүн көптүгүнө байланыштуу тыгындар пайда болууда. Эксперттердин пикири боюнча, азыркы шарттарда жеткирүү түйүндөрүн глобалдык реструктуризациялоодон качуу мүмкүн эмес.

«Көптөгөн мамлекеттердин Орусия үчүн аба мейкиндигин жаап салышын жана орус кемелерин өз портторунда кабыл алуудан баш тартуусун эске алганда, башка транспорттук артериялардагы жүк бир топ жогорулайт», — деп айтылат макалада.