Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков пенсияны көтөрүү маселесин кароону сунуштады.

«Азыр бардыбызга белгилүү болгондой саясий экономикада саат сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин пенсияны көтөрүлүшү боюнча маалымат бердиңиздер. Бирок чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Доллардын өсүшү, баалардын жогорулашы дагы күтүлүп жатат. Сиздердин ушуга жараша кризистик планыңыздар барбы?» — деп сурады эл өкүлү.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев: «Пенсияны көтөрүү боюнча 700 миллион сом каралган. Бүгүнкү шарттарга ылайыктуу өкмөттөн кошумча акча бөлүп беребиз деп каралып жатат. Октябрь айында пенсияны 50 пайызга чейин көтөрөбүз деген маселе каралып жатат», — деп жооп берди.