Коом
Жеке ишкер Курсанбек Каныбеков дарыгерлерди жана мугалимдерди куттуктады
8-март Аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына жеке ишкер Курсанбек Каныбеков баатыр апаларды, дарыгер жана мугалимдерди майрамы менен куттуктап, сый көрсөттү.
Ишкер Каныбеков уюштурган иш-чарада 400дөн ашуун айымга сыйлыктар берилип, белектер тапшырылды жана акчалай да колдоо көрсөтүлдү.
Ак элечек апалар Курсанбек Каныбековго таалим-тарбия берген чоң ата, чоң апасына, ата-энесине ыраазычылыгын билдиришип, ак батасын беришти.