Коом

Казакстан 1000 тонна элиталык буудай үрөнү түрүндөгү гуманитардык жардам берди

Бүгүн Бишкекте 2021-жылдын түшүмү (Карабалыкская-20 сорту) элиталык буудай үрөнү түрүндөгү кезектеги гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев жана айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков катышты.

Жалпысынан Казакстан гуманитардык жардам катары 1000 тонна буудайдын үрөнүн берди.

Гуманитардык жардам кыргызстандык дыйкандарга келечектеги түшүмдүн сапатын жакшыртууга багытталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button