Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Жашыл климаттык фонддун «Кыргызстандагы жайыттарга жана токойлорго инвестиция тартуу аркылуу көмүртектин таасирин азайтуу (CS-FOR)» долбоорунун алкагында кызматташууга макулдашты.

Макулдашууга Кыргызстандын атынан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган макулдашуу Жашыл климаттык фонддун башкармалыгынын Түштүк Кореяда 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн отурумунда колдоо тапкан.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык, Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 30 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Ал айыл чарба жана токой чарба багытындагы долбоорду ишке ашырууга, ошондой эле климаттык шартты эске алуу менен элет элинин киреше булактарын арттырууну колдоого багытталат.

 

Булак: Марал радиосу