Коом

Менчик бала бакчалардын баары текшерилет

Кыргызстандын аймагындагы менчик бала бакчалардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу 9-мартта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүү тууралуу чечим кабыл алууга Бишкектин четиндеги «Ала-Тоо» конушундагы менчик бала бакчалардын бириндеги окуя түрткү болду.

“Бул окуяга байланыштуу министрлик тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы менчик бала бакчалардагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана лицензиялык талаптарды сактоо боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү пландоодо”.

Эске салсак, кечээ, 9-мартта «Ала-Тоо» конушундагы бакчалардын биринде беш жашар наристе сабалганы тууралуу маалымат интернетте тараган.

Министрлик бул бала бакчага лицензия берилбегенин, эгер мыйзамга каршы иш аныкталса ээси жоопко тартыларын, ата-эне баласын менчик бакчага берип жатканда анын документтерин, уруксат кагаздарын текшерип, келишим кабыл алышы керектигин эскертти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button