Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу Анталияда башталды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Лавров жана Кулеба менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн.

Жолугушуулар Анадолу дипломатиялык форумунун алкагында Украинада уланып жаткан Орусиянын аскердик атайын операциясынын фонунда өтүүдө. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Лавров менен Кулебанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштурууну сунуштаган.

Күтүлгөндөй эле, жолугушуунун соңунда Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери өзүнчө маалымат жыйындарын беришет.

Жолугушуунун алдында Кулеба россиялык кесиптеши менен боло турган сүйлөшүүлөрдү ашыкча күтпөгөнүн, бирок өлкөсүнүн жана элинин кызыкчылыгы үчүн мүмкүн болушунча жетишүүгө убада бергенин билдирди.

Украинанын айланасындагы окуяларга байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда. Бул өлкөдө согуш уланууда. Орусия атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн мамлекеттер Россия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда. Төртүнчү аракетте, тирешүүнүн 13-күнүндө Украинадан чыгууну чечкен качкындар үчүн гуманитардык коридор ачылды. Кечээ Сумы шаарынан (Украинанын түндүк-чыгышында) жайкын тургундарды эвакуациялоонун биринчи этабы башталды.