Саясат

Путин менен Шольц Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 3-раундунун жыйынтыгын талкуулады

Владимир Путин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кремлдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Донбассты коргоо боюнча аскердик “атайын операциянын” айланасындагы кырдаалдын өнүгүшүнүн контекстинде саясий жана дипломатиялык аракеттердин варианттары, тактап айтканда, Орусиянын делегациясы жана Киев бийлигинин өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундунун жыйынтыктары талкууланды.

Мындан тышкары Украинадагы жана Донбасс республикаларындагы кырдаалдын гуманитардык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Россиянын президенти кагылышуу болуп жаткан аймактардан карапайым калкты эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду уюштуруу чаралары жана улутчул түзүмдөрдүн согушкерлеринин адамдарды коопсуз эвакуациялоого жол бербөө аракеттери тууралуу маалымат берди.

Ошону менен катар ар кандай деңгээлдеги байланыштарды улантуу макулдашылды, деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button