Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде экс-депутат камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион долларынан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган. Буга байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду.