Саясат

Түркмөнстандын президенти болуп Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов шайланды

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктады. Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты билдирет.

Шайлоодо тогуз талапкер ат салышканы такталды. Добуштардын көбүн – 72,97 пайызды экс-мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов алды.

«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов президент болуп таанылды», — деп айтылат БШКнын сайтында.

Эске салсак, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов отставкага кетүү ниетин 2022-жылдын февралында билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button