Кыргызстанда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Кыргызтелефильм” киностудиясы билдирет.

«Бүгүн саат 17.00дө КТРКда «Нурбек агай» даректүү тасмасынын бет ачары болот. Ага тасманын каарманы, анын шакирттери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, маданият жана кинонун көрүнүктүү ишмерлери катышат. Көрүүчү спортчу катары да, көрүнүктүү машыктыруучу катары да бир нече жолу эң жогорку деңгээлдеги жеңиштерге жетишкен бул укмуштуудай инсан, жашоодогу жеңүүчү жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди биле алат. Нурбек Изабеков үчүн күрөш залы түбөлүккө хоббиге да, жумушка да, анын тагдырына да айланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Тасма Ысык-Көл облусунда, ошондой эле спортчуларды Токио Олимпиадасына даярдоо учурунда Казакстанда тартылган.

Режиссёр жана сценарист – Кыргызстандын эл артисти Тынай Ибрагимов.