Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды.

Станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулду.

Акылбек Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 млрд метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди.