Коом

Ошто «Билимдуу окуучу-келечекти куруучу» аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

«Жаш интеллект» коомдук фонду жана «Билерман ордо» интеллектуалдык клубу биргеликте 17-март Ошто шаарындагы 55 мектептен келген финалист командалар арасында ОшМУда «Билимдуу окуучу-келечекти куруучу» аттуу интеллектуалдык оюнун өткөрүлдү.

Иш чаранын демөөрчүсү жана демилгечиси «Жаш интеллект» коомдук бирикмеси. Бирикменин жетекчиси Рахмидин Алимкуловдун айтымында бул саамалыктын максаты «мектеп окуучуларынын арасында билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, ойлоо жөндөмүн жакшыртуу болуп саналат. Кызыктыруучу сыйлык катары катышкан ар бир командага акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Жыйынтыгында 1-орунга № 52-мектептин «Легион» командасы чыгып, 20 миң сом акчалай сыйлык, ал эми команданы даярдап келген мугалими Ильгиз Шамурзаевге 5000 сом сыйлык бердик.

2-орунга №27-мектептин «Максат» командасы чыгып 15.000 сом акчалай сыйлык, ал эми команданы даярдап келген мугалимине да 5000 сом сыйлык берилди.

3- орунга эки команда тең чыгып, -№50 мектептен «Жеңиш» жана «Жетиген» мектебинин «Жетиген» командаларына 5000 сомдон 10.000 сом ыйгарылды жана эки мугалимге 5000 сом сыйлык тапшырылды.

Кийинки 5-орунду алган командага да 5000 сом сыйлык, ошондой эле 1000 сомдон жетиштуу упай топтой алган 7 командага ыйгарылды.

Меткеп окуучулары бул оюнга аябай активдүү катышып беришти. Алардын зээндүүлүгү аракетчилдиги, мыкты динамикалык таймашы бизди чындыгында кубандырды. Биздин «Жаш интеллект» коомдук фондунун негизги максаты мектеп окуучуларын интеллектуалдык чөйрөгө кызыктыруу, окуучулардын мугалимдер менен болгон мамилесин дагы да бекемдөө, келечек ээлерине аз да болсо стимул берүү.

Буйруса кийинки айлардан Баткен облусунда, андан кийин Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында өткөрөбүз. Жыл жыйынтыгында Бишкек шаарында финал болот. Бизге көмөктөшкөн бардык тараптарга чоң ыраазычылык билдиребиз»-дейт Алимкулов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button