Бүгүн, 22-мартта, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан- чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында 4…9 градус, Нарында 5…10 градус болот.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5…7 градус болот.