Коом

Кытайда жүргүнчүлөрү менен кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

Кечээ 21-мартта Кытайда кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, жүргүнчү ташуучу учактын бортунда КР жарандары болгон эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдын Борбордук телеберүүсү China Eastern Airlines компаниясына таандык Boeing-737 жүргүнчү учагы кырсыкка кабылганын билдирген. Авиакырсык Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси провинциясынын Учжоу шаардык округундагы Тэньсянь уездине жакын тоодо катталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button