Ысык-Көлдө 63 жаштагы жаран өз баласын өлтүрүп алды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«23-март күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан Тасма айылынын 27 жаштагы А.М аттуу тургуну бычактан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилип, ал жолдон каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу күбөлөрдү суракка алгандан кийин, ошол күнү үй-бүлөлүк жаңжал учурунда Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну А.М. уулуна бычак сайганы, андан кийин баласы каза болгону ачыкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.